Казакстанда тарыхый тасмалар көбүрөөк тартылат

Казакстанда тарыхый тасмалар көбүрөөк пайда болот. Өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев жооптуу мамлекеттик органдарга жана ата мекендик телеканалдарга тарыхый темада жаңы контент тартууну тапшырды. Ал өзүнүн «Эгемендүүлүк баарынан жогору» деген макаласында Көз карандысыздык жылдарында көптөгөн тарыхый ачылыштар жасалып, алар  тарыхтын кылымдардан бери келе жаткандыгын бүткүл дүйнөгө көрсөттү деп белгиледи. Ошондой эле мындай билимдин жемиштери кеңири аудиторияга жеткиликтүү болушу керек. Чындыгында, кино индустриясынын бул жерде көрсөтө турган орду бар. Өлкөнүн бай тарыхында мындай тасмалардын негизин түзө турган көптөгөн маанилүү окуялар бар. Өлкө башчы дүйнөдөгү эң күчтүү империялардын бири болгон Алтын Ордонун тарыхын буга мисал келтирди. Касым-Жомарт Токаевдин макаласында айтылгандай, азыр деле тарыхый фильмдердин сценарийлери дүйнөлүк киноиндустрияда суроо-талапка ээ. Мындай пикир менен өлкөнүн кинорежиссерлору да макул.

ЕСЕТЖАН КОСУБАЕВ, УЛУТТУК КИНОНУ КОЛДОО БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК БОРБОР БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТӨРАГАСЫ:

 - Жаңы жылдын биринчи күндөрүнөн баштап жаңы план түзөбүз. Албетте, бул кеңештин жакында боло турган жыйынында белгилүү болот. Кечээ расмий сайтта арыздарды, сценарийлерди, конспекттерди кабыл алууну жарыялаганбыз жана ушул жылы биздин өлкө үчүн өтө маанилүү болгон  глобалдык темаларды чагылдырып бергибиз келет. Бул эгемендүүлүктүн 30 жылдык мааракеси, ошондой эле көрүнүктүү инсандардын - биздин өлкөнүн тарыхый каармандарынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу бир катар иш-чаралар өтүп жатат. Аны менен катар ушул мааниде, биз кинематографисттерибизге бюджети төмөн жаңы тасмаларды жаратууну сунуш кылабыз, бул дебюттук тасмалар. Жаш кинорежиссерлор өзүлөрүн көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондо, биз буга чейинки тажрыйбаларга таянабыз.