Казакстандын дүйнөлүк аренадагы маданий жетишкендиктери

Дүйнөдө коронавирус эпидемиясына карабастан, 2020-жылы Казакстандын маданият тармагы олуттуу ийгиликтерге жетишти. Дүйнөлүк аренада белгилүү Димаш Кудайберген, Скриптонит, Нурлан Сабуров сыяктуу жаш жана таланттуу өнөрпоздордун катарына бир нече жаңы ысымдар кошулду. Алардын бири аксулук ди-джей жана музыкалык продюсер Иманбек Зейкенов. Анын Roses  ырына жазылган ремикси Грэмми сыйлыгына көрсөтүлдү. Белгилүү Грэмми катардагы казак баласын өз номинациясына биринчи жолу киргизип жатат. Белгилей кетсек, легендарлуу сыйлыктын жыйынтыгы үчтүн айынын аягында чыгарылат.

Саф таланты менен бир гана Казакстан элин эмес, дүйнө өлкөлөрүн таң калтырган жаш жылдыз. Мисалы, 14 жаштагы Данэлия Төлешова American Got Talent сынагына катышып, жарым финалга чейин жеткен эле.

МАЙРА ИЛИЯСОВА, КАЗАКСТАНДЫН ЭМГЕК СИҢИРГЕН АРТИСТИ:

 - Жалпысынан, 2020-жыл музыкалык багытта жылдыздардын жылы деп айтат элем. Кичинекейлерден баштасам - Максим Ержан жана Данелияны айтат элем. Албетте, таланттардын бардыгы жаш кезибизден башталат эмесби. Алар биздин келечегибиз. Биздин маданиятыбыз жогорулап баратат, бир гана Димаштын бүтүндөй дүйнөнү таң калтырганы жана аны бүткүл дүйнө тааныгандыгы эң сонун деп ойлойм. Ошондуктан Димаштын артынан биздин балдар жаркырап чыгып келе жатат.

2020-жылдын дагы бир унутулгус ысымы - Каракат Башанова. Ал жаш болсо дагы таланттуу өнөрпоз жана Казакстандын атынан Юниор Евровидение ыр сынагына катышып, байгелүү экинчи орунга ээ болду. Пандемияга байланыштуу сынак онлайн режиминде өткөндүгүн белгилей кетүү керек. Сынакта Каракат «Forever»  ырын аткарып, көпчүлүккө таанылды.

Өткөн жылдын аягы, быйылкы жылдын башталышы q-pop жанрынын негиздөөчүсү болгон белгилүү Ninety one тобу үчүн да жемиштүү болду. Алар популярдуу эл аралык BBC News каналына маек курушту. Белгилүү канал даярдаган материалда топ түзүлгөндөн баштап, искусство жаатында кандай кыйынчылыктарды басып өткөнү тууралуу баяндалат. Белгилей кетүүчү нерсе, популярдуу канал менен топтун ортосундагы сүйлөшүү электрондук почта аркылуу кат алмашуу түрүндө жүргөн. Айта кетсек,  91 тобу 2015-жылы түзүлгөн. Бүгүнкү күндө күйөрмандарын жаңы чыгармалары менен кубандырган топ YouTube каналынын трендин улантууда.