«Астана опера» театры Алматыда өнөр көрсөттү

«Астана опера» театры Алматыда өнөр көрсөттү

Классикалык жана заманбап бий. «Астана Опера» театрынын балет труппасы Абай атындагы Казак улуттук опера жана балет театрынын сахнасында Алтынай Асылмуратованын автордук программасын тартуулады. Биринчи күнү алматылык көрүүчүлөр «Дон Кихот» балетинен цыган бийин, Steppe Sons «Коркыт» чыгармасын, ошондой эле, улуттук темага арналган Ренат Гайсинин музыкасына жазылган «Талаа үнү» балетин көрүштү. Ал эми концерттин экинчи бөлүгүндө борбордук артисттер Раймондо Ребектин хореографиясындагы «Азыркы учур канчага чейин созулат?» аттуу бир бөлүмдүү балетти аткарды. Ошентип, алматылык өнөр сүйгөн коом эскирбеген классика менен жаркын заманбап хореография номерлерин баалай алды.

Бахтияр Адамжан, «Астана Опера» театрынын жетекчи солисти:

- Биз Алматы шаарынын көрүүчүлөрүн жакшы көрөбүз. Өтө искусствону сүйгөн коом. Өнөрдү баалай биле турган, деңгээлин айырмалай билген эл болгондуктан, биз бул жакка жаңылыктарыбыз менен бөлүшөлү, театрыбыздын деңгээлин көрсөтөлү деп келип жатабыз. Даярдык иштери абдан жакшы өттү. Биз бул шаардын көрүүчүлөрүн абдан урматтайбыз. Биз Нур-Султан шаарында бул спектаклди борборубуздун көрүүчүлөрүнө эки жолу көрсөткөнбүз. Кичине туура эмес жерлерин алып салып, оңдоп, бул жакка жогорку деңгээлде алып келүүгө 2 жумадай даярдандык.

Которгон: Илгиз Жамалбеков