Казакстандын театр өнөрүнүн трансформациясы

Көрүүчүлөр менен жүзмө-жүз көрүшүү. Казакстандын театр искусствосу дал ушул нерседен коронавирус пандемиясы башталгандан тарта куру калды. Бирок бул жаңы сезонго даярданууга тоскоол болгон жок. Тескерисинче, ата мекендик театр кызматкерлери көрөрмандарын жоготуп албоо максатында көптөгөн ыкмаларды ойлоп тапканга жакшы түрткү болду. Өлкөнүн негизги театр аянтчасы «Астана Опера» карантин учурунда спектаклдердин бет ачарын түз эфир аркылуу көрсөттү.

АЛТЫНАЙ АСЫЛМУРАТОВА, «АСТАНА ОПЕРА» ТЕАТРЫНЫН БАЛЕТ ТРУППАСЫНЫН КӨРКӨМ ЖЕТЕКЧИСИ:

- Биринчи бөлүмү неоклассикалык номерлерден түзүлдү. Кийин бул кызыктуу кеченин көшөгөсү жакында Раймондо Ребектин хореографиясында коюлуп, көпчүлүктүн көңүлүнөн чыкканга жетишкен «Азыркы учур канчага чейин созулат» аттуу бир бөлүмдүү коюлум менен жабылат. Бул заманбап музыка менен коштолгон өтө жагымдуу балеттердин бири.

Өлкөнүн «Астана Балет» театрынын жамааты да кыйын-кысталыш кезде көрүүчүлөрүн аралыктан болсо да керемет спектаклдери менен кубантты.

Египет менен Сириянын мамлюк султаны Бейбарыс тууралуу коюлган өлкөдөгү алгачкы спектакль телебалетке айланды. Бул биринчи жолу орун алганы менен акыркы тажрыйба эмес, дейт өнөр адамдары.

МАКУРАМ АВАХРИ, «АСТАНА БАЛЕТ» ТЕАТРЫНЫН БАШКЫ БАЛЕТМЕЙСТЕРИ, «СУЛТАН БЕЙБАРЫС» СПЕКТАКЛИНИН КОЮУЧУ-ХОРЕОГРАФЫ:

- Биздин алдыга койгон башкы максатыбыз хореография, өзүбүздүн чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүбүз аркылуу улуттук маданиятты, эл өнөрү менен бийин жогору көтөрүү болду. Ошондуктан ушундай сонун спектаклдин репертуардык куржунубузду толуктаганы кубанычтуу жаңылык. Аны көргөн көрүүчү Султан Бейбарыс менен сыймыктанышат.

Айта кетүүчү нерсе, театр өнөрүн сүйүүчүлөр эми казакстандык артисттерди виртуалдуу форматта көрө алышат. Ата мекендик театрлар стримингдик кызматтарды өздөштүрө башташты. Ушундай жол аркылуу «Астана Балет» театрынын толук үлгүдөгү спектаклдери менен эксклюзивдүү спектаклдери 360 градус форматында жеткиликтүү болот.

Ошондой эле, быйыл өлкө жаңы өнөр ордолору менен толукталды. Казакстандын башкы шаарында Куанышбаев атындагы музыкалык драма театры жаңы имаратка көчүп, музыкалык жаш көрүүчүлөр театры курулду.

АСХАТ МАЕМИРОВ, МУЗЫКАЛЫК ЖАШ КӨРҮҮЧҮЛӨР ТЕАТРЫНЫН ДИРЕКТОРУ:

- Бул театр Казакстанда аналогу жок курулуп жаткан театр, «Музыкалык жаш көрүүчүлөр» театры. Башкача айтканда, балдар менен жаш өспүрүмдөргө арналган музыкалык театр. Өзүнүн оркестри бар. Өзүбүздүн улуттук каармандар – «Тазша бала», «Алдар көсе», «Күнекей кыз», «Кожанасыр» же дүйнөгө таанымал «Күлала кыз», «Алтын ачкыч» сыяктууларды көрсөткүбүз келди.

2020-жыл ата мекендик театрлар санарип технологиялар менен трансформация дооруна өнөрдүн ийгиликтүү өткөрүлүп келе жатканын айкын көрсөттү.