Казакстандык пианист «уотерман» алтын медалын жеңип алды

Казакстандык пианист «уотерман» алтын медалын жеңип алды

Казакстандык Алим Бейсембаев Англиянын Лидс шаарында өткөн 20-пианисттер сынагында мыкты деп табылды. Өлкөнүн маданият жана спорт министрлигинен билдиришкендей, ата мекендик өнөрпозго «Уотерман» алтын медалы жана каржылай сыйлык менен ыйгарылды. Жеңүүчү ошондой эле Ливерпулдагы Падышалык филармониянын сыйлыгын жана көрүүчүлөр сыйлыгын алды. Мындан тышкары, ал Warner Classics менен жаздыруу жана Европаны кыдыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Белгилей кетсек, Алим Бейсембаев бул сынакта жеңишке жеткен алгачкы казакстандык өнөрпоз. Азыркы учурда талант ээси - Лондондогу Королдук музыкалык колледжинин магистранты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков