Борбор калаада пандемияга арналган көргөзмө өтүүдө

Борбор калаада пандемияга арналган көргөзмө өтүүдө

«Пандемия. Чектөө. Жоготуу...». Борбор калаада дал ушундай актуалдуу темада белгилүү казак сүрөтчүсү Жеңис Нурлыбаевдин көргөзмөсү өттү. Өнөр сүйүүчүлөр коомуна обочолонуу учурунда жаралган чыгармалар тартууланды. Сүрөтчү адамдын эмоционалдык жана психологиялык абалын тордон чыгып, канатын жайып учуп чыккан канаттуу катары көрсөткөн. Чебер акыркы алты айда 300гө жакын сүрөт тарткан, бирок анын 60ы гана көргөзмөдө тааныштырылды. Автор өз чыгармасын ар кандай ыкмалар менен жасаган.

Жеңис Нурлыбаев, сүрөтчү:

- Үйдө камалып отурган кезде, бул тордун ичинде отурган сүрөт тартылды. Кире албайбыз же чыга албайбыз деген. Эшик-терезе ачык болсо да чыга албайбыз. Өнөр ээсине канча жерде чектөө коюлбасын, анын ичинде чыгармачылык оргуштоо тынымсыз кыймылда болгондугу, учуп жүргөндүгү...Эгерде суроо -талап болсо, аны башка галереяларда көрсөтсө болот, мүмкүн болсо, чет өлкөгө чыгаруу себеби баары мобилдүү жана компетенттүү жасалган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков