Казакстандык опера ырчысы дүйнө жылдыздары менен биргелешкен долбоорго катышты

Казакстандык опера ырчысы дүйнө жылдыздары менен биргелешкен долбоорго катышты

Казакстандын классикалык вокалдык искусство тарыхындагы өзгөчө окуя! Республиканын эмгек сиңирген ишмери, «Астана Опера» театрынын опера труппасынын мүдүрү Азамат Жылтыркөзов дүйнөлүк деңгээлдеги долбоорго катышып, Винченцо Беллининин «Пуритандар» чыгармасынын аудиожазуусун иштеп чыгууга салым кошту. Белгилүү чыгарманы казакстандык өнөрпоз менен бирге тенор Лоуренс Браунли жана сопрано Сара Кобурн сыяктуу чыгаан жылдыздар аткарышты. Чет элдик адистердин айтымында, тандалган курамдан эң күчтүү топ түзүлгөн. CD-диск жазуу идеясы Нью-Йорктогу операсынын музыкалык мүдүрү Константин Орбелянга таандык.

Азамат Жылтыркөзов, «Астана Опера» опера труппасынын мүдүрү:

- Винченцо Беллининин «Пуритане» аудио-жазуусунда мен Рикардо бөлүгүн аткардым. Мени менен бирге америкалык жана европалык ырчылар да катышты. Бул долбоорго катышуу аркылуу мен жаңы тажрыйба топтоп, чет элдик кесиптештерим менен тааныштым. Казакстан мындай эл аралык долбоорго биринчи жолу катышууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков