Шымкенттин опера жана балет театры гастроль менен Нур-Султанга келди

Шымкенттин опера жана балет театры гастроль менен Нур-Султанга келди

Шымкент шаарынын опера жана балет театры гастроль менен борборго келди. Республиканын эмгек сиңирген артисти Майра Мухамед кызы жетектеген чыгармачыл жамаат көрүүчүлөргө «Тоголок эне» спектаклин тартуулайт. Театрдын репертуарына жакында гана киргенине карабай, бул спектакль көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон. Белгилей кетсек, опера Казакстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына арналган. Спектаклдин авторлору акылмандыгы жана уламыштары менен муундан муунга мураска калып келе жаткан белгилүү Тоголок эненин асыл инсандыгын чагылдырууга аракет кылышкан. Бай тарыхый дүйнөнүн композитору Таскын Жармухамет, либреттонун автору Асхат Маемиров. Борбор калаанын көрүүчүлөрү спектаклди «Астана Опера» сахнасында тармактын ардагерлеринин аткаруусунда көрө алышат.

Майра Мухамед Кызы, Казакстандын эмгек сиңирген артисти, Шымкент шаары опера жана балет театрынын мүдүрү:

- Эл Башынын аркасы менен мындай үчүнчү мегаполис 2008-жылы Шымкентте ачылган. Андан бери бизде 19 опера жана 3 балет бар. Эки айдын ичинде «Тоголок эне» операсы рекорд койду, бул чындыгында дүйнөлүк рекорд. Эки айда эч ким кой о албайт. Эң аз дегенде 6 ай. Биз командабыз менен бул операны эки айдын ичинде алып чыктык. Бул деген баарынын эле колунан келе бербей турган эмгек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков