Борбор калаада «искусствонун жетишкендиги» аттуу долбоор башталды

Борбор калаада «искусствонун жетишкендиги» аттуу долбоор башталды

«Искусствонун жетишкендиги». Дал ушундай аталыш менен Улуттук музейде Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган атайын долбоор башталды. Анын алкагында долбоордун жаш көрүүчүлөрү уникалдуу көркөм чыгармалар менен таанышып, ошондой эле белгилүү чеберлердин кайталангыс стилин көчүрүү мүмкүнчүлүк алышат. Мындай тажрыйба биринчи жолу уюштурулду.

Адина Серик, арт-студия окутуучусу:

- Биз ар кандай сүрөттөрдү тартабыз. Май, акрил жана акварелди колдонобуз. Алардын ичинде эң кыйыны – май, анткени аны жылдар бою үйрөнүү керек, бул адамга байланыштуу. Көптөр музейге баруу кызыксыз жана түйшүктүү деп ойлошот, ал эми кээ бирлери ал тургай түшүнүшпөйт. Чындыгында музейге барып турган жакшы, анткени ал биздин ички жан дүйнөбүздү, эмоционалдык абалыбызды байытып, шыктандырат.

Аталган долбоор борбордук арт-студиянын биринин көмөгү менен уюштурулган, анда таланттуу сүрөтчү Тагира Косаева билим алган. Сүрөтчүнүн жаш-курагы 14 жашта болсо да, 8 жылдан ашык убакыт бою өнөр менен алектенип келет. Жаш сүрөтчүнү өнөр дүйнөсүнө корей чеберинин О Сонгю тууралуу картинасы шыктандырган.

Тагира Косаева, сүрөтчү:

- Менин артымда турган сүрөттү тандаганымдын себеби, анын мааниси абдан терең жана акварель менен тартылганы жагат. Ал эми акварель мен үчүн эн жакшы көргө материал. Долбоор мага абдан кызыктуу. Буга чейин музейге барган эмесмин, ошондой эле сүрөттөрдүн көчүргөн алганда эмесмин. Мен үчүн бул биринчи тажрыйбам, ошондуктан тынчсызданып жатам. Келечегимди ушул бизнес менен байланыштыргым келет. Rонкреттүү кандай кесип экенин билбейм, бирок чыгармачылык менен алектенгим келет.

Улуттук музейдин кызматкерлери мындай тажрыйбаны мындан ары улантууга - жаш көрүүчүлөрдү живопистин жана графиканын негиздерине окутууга арналган аянтча түзүүгө убада берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков