Жамбыл Жабаевдин ырлары кыргыз тилинде жарык көрдү

Жамбыл Жабаевдин ырлары кыргыз тилинде жарык көрдү

Жамбылдын ырлар жыйнагы Бишкекте кыргыз тилинде жарык көрдү.  Буга байланыштуу казак акынынын чыгармачылыгын изилдеп жүргөн адистер жана окурмандар Кыргызстандын борборуна чогулушту. Адабий окуулар Жамбыл Жабаевдин 175 жылдыгына арналган. Китепке кылым жашаган акындын ырлары киргизилген. Жыйнак ушуну менен баалуу. Бүтүндөй бир доордун үнү угулат. Ошондой эле, жыйнакта Жамбылдын кыргыз боордошторго арналган чыгармалары да бар. Китептин өзү 1000 нускада басып чыгарылды.

Топчубек Тургуналиев, Манас жана Чыңгыз Айтматов академиясынын президенти:

- Жамбыл ата чоң мурас калтырды. Жаштарды жана балдарды тарбиялоо, эгемендүүлүк, казак менен кыргыздын улуу руханий маданияты тууралуу идеялары улуу атабыздын бардык чыгармаларында баяндалып келет.

Жамбыл Жабаев тарыхта акын, чукугандай сөз тапкан чечендиги менен таанымал. Ал элдик оозеки адабиятын кийинки муунга жеткире алды. Мына ошондуктан ал поэзиянын атасы болуп калды. Эң негизгиси акындын руханий бийик ырлары коомчулуктун калың катмарына сиңди. Буга акындын 175 жылдыгына арналган мааракелик концертке келгендер күбө болушту.

Которгон: Илгиз Жамалбеков