«Астана Опера» театры жаңы сезондо 5 премьера сунуштайт

«Астана Опера» театры жаңы сезондо 5 премьера сунуштайт

Борбор калаадагы «Астана Опера» театры тогузунчу сезонун баштады. Баш оона айынын 30у Конституция күнүнө арналган иш-чара чоң гала-концерт форматында өттү. Мааракелик кечеде патриоттук жана сейрек кездешүүчү классикалык обондор жаңырды. Ошентип, жаңы сезондо чыгармачыл топ көрүүчөрдү 5 премьерасы менен кубандырат. Бул тууралуу каналга берген эксклюзивдүү маегинде опера труппасынын жетекчиси Азамат Жылтыркөзов билдирди.

Азамат Жылтыркөзов, Казакстандын эмгек сиңирген ишмери:

- 9-сезонду биз өзүбүзгө даярдык катары 10 жылдык мааракелик сезонго деп атайын ушундай тематикада баштап жатабыз. 9-сезон тууралуу айта кетсем, 5 премьераны даярдап жатабыз. Ал 3 опера, 2 балеттен турат. Албетте, мындай масштабдуу эмгек тагырагы 5 премьера коюу бир сезонго белгиленген. Биздин репертуарда спектаклдер дагы бар. Баары ойдогудай өтөт деген ишенимдебиз. Муну менен катар биздин кесиптештерибиз башка шаардагы Шымкент опера театрынынын спектакли болот. Кечээ күнү биз менен иштеген Майра Мухамед кызы азыр Шымкент театрын башкарып жатат. Ал өзүнүн даярдаган «Тоголок эне» спектаклин алып келе жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков