Жер – космос: Нур-Султанда уникалдуу көргөзмө ачылды

Жер – космос: Нур-Султанда уникалдуу көргөзмө ачылды

Көркөм чыгармалар аркылуу космоско саякат. Нур-Султанда ачылган «Жер – Космос» көргөзмөсү көрүүчүлөргө мына ушундай мүмкүнчүлүк берет. Экспозицияда казакстандык бир нече муундар сүрөтчүлөрүнүн эмгектери бириктирилди. Тактап айтканда, Абилхан Кастеев атындагы Мамлекеттик музей фондунан 25тен ашуун көркөм чыгармалар коюлду. Ал эми бардык чыгармалар үчүн жалпы тема - космос жана анын чексиздиги, убакыт менен мейкиндик, ааламдын адамзатты кызыктырган сырлары. Сергей Калмыков, Камил Муллашев, Есимгали Жуманов, Абдирашит Сыдыханов, Сергей Маслов, Шамил Гулиев сыяктуу белгилүү сүрөтчүлөрдүн эмгектери өздүк көркөм стили жана автордун идеяларын баяндоо ыкмасы менен өзгөчөлөнөт. «Жер – Космос» көргөзмөсү борбордун өнөр сүйүүчүлөрү үчүн аяк оона айынын аягына чейин ачык.

Риза Тажиева, долбоордун арт-менеджери:

- Сүрөтчүнүн даанышмандыгы - бул сфералык мейкиндикте алдын ала болжолдой билүү жөндөмүндө. Мисалы, Камил Муллашев өзүнүн 1978 -жылы жарык көргөн «Жер жана убакыт» аттуу эмгегинде бүгүнкү реалдуулукту алдын ала айткан десек болот. Ойлонуп көрсөңүз, анын эмгегинен шардын элесин, алп асман менен шамалды, курулушту көрүүгө болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков