Алматылык театр артисттери борбордун тургундары менен жолугушту

Алматылык театр артисттери борбордун тургундары менен жолугушту

Алматылык өнөрпоздордун өлкө эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата борбордук көрүүчүлөргө тартуусу. Абай атындагы Казак улуттук академиялык опера жана балет театры «Астана Операнын» сахнасында өнөр көрсөттү. Жамаат борбор калаанын тургундарына европалык көрүүчүлөрдүн көңүлүн бурган спектаклдерди алып келди. Театр артисттери италиялык режиссер Маттео Мацонинин спектаклиндеги Гаэтано Доницеттинин «Дон Паскуале» операсын, Морис Равелдин «Болеро», Фридерик Шопендин «Шопениана» Иоганн Себастьян Бахтын «Бах» чыгармачылыгын таануу» балеттерин аткарышты. Театрдын солисти Таир Тажинин айтымында, мааракелик концертке даярдык иштери бир нече айга созулган.

Таир Тажи, Абай атындагы Казак мамлекеттик академиялык опера жана балет театрынын жетекчи солисти

- Кыйынчылыктар ар дайым болот. Биринчи кезекте, Дон Паскуале ал биздин эне тилибиздеги спектакль эмес, итальян тилинде. Андыктан, тилдик чектөөлөрсүз жеткирүү кыйынга турат. Бул жерде кемчиликсиз, түп нускасындагыдай аткаруу абдан маанилүү. Албетте өзүңдүн өзгөчөлүктөрүңдү кошуу аркылуу. Себеби, бурмалабай көчүрүп алууга болбойт. Ал эми гастролдук сапарга келе турган болсок, биз бир нече ай убакыт бою даярдандык. Жайдын башынан бери эс алуусуз иштедик. Эгерде солисттер теке айында каникулга кете турган болсо, биз даярдык үстүндө болдук. Анткени биринчи кезекте бул өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнө арналган маанилүү концерт. Мында төмөн деңгээлде өнөр көрсөтүүгө болбойт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков