Костанайлык кол өнөрчүлөр дүйнөлүк рынокко чыгууга ниеттенүүдө

Костанайлык кол өнөрчүлөр дүйнөлүк рынокко чыгууга ниеттенүүдө

Костанайлык кол өнөрчүлөр дүйнөлүк рынокко чыгууга ниеттенүүдө. Буга «Born Nomad» казак-америкалык сынагы мүмкүнчүлүк берип жатат. Бул максатта жергиликтүү 35 чебер эл аралык сынакка катышуу үчүн арыз берген. Учурда алар онлайн режиминде окуудан өтүп жатат. Андан кийин башка казакстандык катышуучулар менен «Салт жана маданият», «Жаңычылдык», «Чебер аял», «Жаш таланттар», «3D кол өнөрчүлүгү» жана «Чыгармачылык кызматташтык» наамдары боюнча таймашышат. Сынактын жыйынтыгы боюнча бардык кол өнөрчүлөр эл аралык соода аянтчаларына кирип, хоббилерин толук кандуу бизнеске айландыра алышат.

Сауле Кабидулова, кол өнөрчүлөр фондусунун жетекчиси:

- Биз азыр өз жашообузда тойдо гана казак улуттук көркөм буюмдарын колдонуп келебиз, суроо-талап бар. Бирок биз аймакта гана соода кылабыз. Ал эми бул конкурс - «Born Nomad» аркылуу эл аралык интернет соодасына чыгууну максат кылабыз.

Жанара Омарбекова, кол өнөрчүлүк чебери:

- Биздин улуттук азем белектерибиз жана салттарыбыз көптөгөн өлкөлөр үчүн кызыктуу. Анткени бизде чет элдик коноктор көп. Алар мекенине  кайтып келгенде эстелик катарыулуттук стилдеги азем белектерди издей башташат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков