Казакстандын борбору эл аралык экшн-фильмдерди тартууга даяр

Казакстандын борбору эл аралык экшн-фильмдерди тартууга даяр

Казакстандын борбору эл аралык экшн-фильмдер менен блокбастерлерди тартууга даяр. Буга Нур-Султанда өтүп жаткан дүйнөгө белгилүү украиналык авто жарыш спортчусу, эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү Александр Гринчуктун катышуусундагы промориликти тартуунун жүрүшү далил. Долбоордун максаты – эл аралык кино жана видео коомчулукка өлкөнүн жана шаардын чоң кино долбоорлорду кабыл алууга даярдыгын көрсөтүү. Ошентип уюштуруучулар мындай роликтер же толук метрдеги фильмдер үчүн эпизоддорду тартуудагы дараметти көрсөтүүгө ниет кылууда. Акыркы видеоролик бүткүл дүйнөгө таратылат. Аны 50 миллионго жакын киши көрө турганы күтүлүүдө. Сценаристтердин ою боюнча, атлет жарыш оюнга катышат, анда жаңы локация катары Нур-Султан шаарын көрөт. Ошентип ал борбордун көчөлөрүнө барып калат жана аны экстремалдык негизде тааныйт.

Ержан Балтаев, «Astana Invest» ИӨШБ» башкарма төрагасы:

- Биз Нур-Султан шаарын кызыктуу окуялуу туризм шаары катары көрсөтөбүз, ошол эле учурда бизде киноиндустрияны өнүктүрүү жаатында дагы чоң деңгээл бар. Мындай тасма тартуу биздин шаардын брендин жаратуунун, анын илгерилетүүнүн бир бөлүкчөсү болуп саналат. Биз өзүбүздүн шаардын кооз жерлерин, динамикалуу жана заманбап экенин көрсөткүбүз келет.