Казакстандык актер канны кинофестивалынын лауреаты болду

Казакстандык актер канны кинофестивалынын лауреаты болду

Канны кинофестивалынын «Алтын пальма бутагы» казакстандык актерго ыйгарылды. Еркебулан Дайыров «Азиялык мыкты актер» деп таанылды. Ал бул абройлуу сыйлыкты режиссер Эля Гильмандын «Күн карама» тасмасындагы ролу үчүн алды.

Белгилей кетсек, Еркебулан Дайыров «Энеге алып барган жол», «Амре», «Тобол», «Бауыржан Момышулы» жана «Балуан Шолак» тасмалары аркылуу элге таанылган.