Көз карандысыздыктын 30 жылдыгы: борбордо 800 иш-чара өткөрүлөт

Көз карандысыздыктын 30 жылдыгы: борбордо 800 иш-чара өткөрүлөт

Өлкө көз карандысыздыгынын 30 жылдыгынын алкагында республикалык деңгээлде түрдүү иш-чаралар өткөрүлүп жатат. Борбордун дал өзүндө ушул мааракелик майрамга карата быйыл 800дөн ашык иш-чара пландалган. 200дөн ашыгы эл аралык жана республикалык маанидеги иш-чаралар. Бүгүнкү күнү алардын жарымына жакыны ишке ашырылган. Мааракелик программа маданий, спорттук жана кайрымдуулукка багытталган иш-чараларды камтыды. Анын алкагында, борбор шаарда ар түрдүү ишкер, коомдук жана көңүл ачуу объектилери жаңыдан тургузулат. Өлкө эгемендигин даңазалай турган иш-чаралар жыл бою улантылат. Бардык санитардык талаптар эскертилген.

Дәурен Бабамұратов, Нур-Султан шаарынын ички саясат башкармасынын башчысы:

- Жыл соңуна чейин бул иш-чаралар улана берет. Эң көлөмдүү жана эң маанилүү иш-чараларды Көз карандысыздык күнүнө карата бештин айында уюштурабыз деген ойдобуз. Дагы башка пландар, долбоорлор каралып жатат. Көз карандысыздыктын 30 жылдыгына байланыштуу коомчулук өкүлдөрү, жарандар тарабынан башка дагы сунуштар аткарылышы керек, аткаралы деген сунуштар келип түшүп жатат. Булардын бардыгын карап, талдап, санитардык ченемдерге ылайык келген иш-чаралардын бардыгын тизмеге кошууга аракет кылып жатабыз.