Казакстандын Улуттук музейинде миңге жакын уникалдуу экспонат көрүүчүлөрдүн назарына коюлду

Казакстандын Улуттук музейинде 13-20-кылымга таандык миңге жакын уникалдуу экспонат жаңыланган экспозиция залында көрүүчүлөрдүн назарына коюлду. Аталган көргөзмө быйылкы жылдын башкы бир нече иш-чараларына арналган. Ал Абайдын 175 жылдыгы, Абу Наср аль-Фарабинин 1150 жылдыгы, Улуу Жеңиштин 75 жылдыгы жана өлкөнүн башкы майрамы - Эгемендүүлүк күнүнө арналган. Көргөзмөнүн максаты – казакстандыктар менен чет элдик конокторду Улуу Талаанын кылымдык тарыхы жана бай маданий мурасы менен тааныштыруу. Алдыдагы убакытта атайын теманы гана камтыган экспозицияда Казакстан жылнаамасынын уникалдуу жана эксклюзивдүү үлгүлөрү көрсөтүлөт. Алардын арасында казак хандары менен башкаруучуларынын архивдик документтери, жеке буюмдары, байыркы шаарлардын фото-сүрөттөрү, макеттери ошондой эле, казак жеринин эркиндиги жана көз карандысыздыгы үчүн күрөштү тастыктаган экспонаттар бар.

СЕРИК АБДИРАХМАНОВ, КАЗАКСТАНДЫН УЛУТТУК МУЗЕЙИНИН КАЗАКСТАН ТАРЫХЫ БӨЛҮМҮНҮН ИЛИМИЙ КЫЗМАТКЕРИ:

- Казакстан тарых залы атайын бир нече тематикалык бөлүмдөргө бөлүнгөн. Башкача айтканда, залдын оң тарабы толугу менен Казак хандыгынын дооруна арналган, баатырлар институту, бийлер менен жоокерлерге  арналган бөлүк. Абылай хандын чапаны, Казыбек бий, казак хандарынын, бийлөөчүлөрүнүн, мөөрлөрүнүн көчүрмөлөрү, мамлекеттик бийликтин элементтери, таяктар, ошондой эле, алтын жалатылган тулга жана башка да курал-жарак сыяктуу уникалдуу баалуу буюмдар коюлган.