Швеция театрлары Дулат Исабековдун пьесаларын сахналаштырат

Швеция театрлары Дулат Исабековдун пьесаларын сахналаштырат

Жазуучу, драматург Дулат Исабековдун чыгармалар жыйнагы швед тилинде жарык көрдү. Бул Альфред Нобелдин мекенинде жарык көргөн биринчи казак адабияты. Жыйнакты швед академиги, Нобель сыйлыгынын лауреаты Бенгт Самуэлсон которгон. Китепке автордун «Алмаз таш», «Сөөкчү», «Дермене», «Өкпек жүргүнчү», «Биз согушту көргөн жокпуз» аттуу беш повести жана бир нече аңгемелери кирген. Швециялык сынчылар тарабынан жогору бааланган чыгарма 1000 нускада басылып чыкты. Драматургдун пьесаларына Европа театрлары кызыгып жатышат. «Бөрте» пьесасын Вена, Цюрих жана Брюссель театрлары спектаклин коюуга даярданып жатышат. Ал эми жакында Дулат Исабековдун чыгармасынын негизинде тартылган «Балбан Чолок» тасмасы үчүнчү Евразия кинофестивалында атайын диплом менен сыйланды.

Дулат Исабеков, мамлекеттик сыйлыктын ээси, жазуучу:

- Кулжа айынын 28де “Балбан Чолок” кинофестивалда көрсөтүлгөндө, режиссёрлор дагы ага бара алышкан жок, өздөрү көрсөтүштү, өздөрү баалашты. Көрүүчүлөрдүн көзү менен деген нерсе бар го, бул өтө бийик нерсе. Ал эми көрүүчүлөрдүн көзү менен деген бул - көрүүчүлөргө жакканын билдирет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков