«Qazaq. Алтын адам тарыхы» даректүү тасмасынын бетачары

«Qazaq. Алтын адам тарыхы» даректүү тасмасынын бетачары

Москвада Казакстандын Туңгуч президенти жөнүндө даректүү тасманын бетачар аземи болуп өттү. «Qazaq. Алтын адам тарыхы» картинасы Нурсултан Назарбаевдин белгилүү америкалык режиссер Оливер Стоун менен болгон маегинин негизинде түзүлгөн. Фильмде Эл Башынын жашоосу жана өлкөнүн көзкарандысыздыкка жетүү жолу, ошондой эле Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин түзүлүшү, өзөктүк арсеналдан баш тартуу сыяктуу маанилүү саясий чечимдер жана тарыхый окуялар жөнүндө баяндалат. Белгилей кетсек, тасманы тартуу иштери 2019-жылы башталган. Долбоорду толугу менен аяктоого эки жыл убакыт кетти. Авторлордун айтымында, тасма Рим кинофестивалында көрүүчүлөргө сунушталат. Ошондой эле аны Канн шаарындагы атайын программага киргизүү көздөлгөн.

Павел Солодовников, көрүүчү:

- Мен Казакстандын тарыхы жөнүндө көп билген эмесмин. Албетте, мени ушул тасмада айтылгандардын бардыгы кызыктырды. Айрыкча бала кезимде эсимде калган мамлекеттик төңкөрүш, Советтер Союзундагы окуяларга башкача көз караш менен кароо өзгөчө кызыктуу болду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков