Казакстандык Шарипа Оразбаева Лондон кинофестивалында мыкты режиссер аталды

Казакстандык Шарипа Оразбаева Лондон кинофестивалында мыкты режиссер аталды

Казакстандык Шарипа Оразбаева Лондондо өткөн 22- Rainbow Film Festival эл аралык кинофестивалында «Мыкты аял режиссер» сыйлыгына ээ болду. Аталган сыйлыкты режиссер «Мариям» аттуу толук метраждуу көркөм тасмасы үчүн алган. Чыгарма буга чейин эл аралык сыйлыктарга ээ болгон. Бирок, режиссердун айтымында, бул наамдын орду өзгөчө. Анткени Борбор Азиядан атайын келип, Европанын «Мыкты режиссер айымы» аталуу чоң сыймык.

Белгилей кетсек, «Мариям» тасмасы күйөөсү жоголгондон кийин кышында жалгыз калган төрт баланын энеси жөнүндө чыгарма. Башкы ролду Меруерт Сабуссинова аткарган. Анын бул ролду ойногону бекеринен эмес. Себеби, Меруерттин башынан өткөргөн кыйынчылыктары режиссерго дем берип, көркөм тасма тартууга себепчи болгон.

Фильм буга чейин Локарно, Торонто, Пусан шаарларында, ошондой эле Түркия жана Испаниядагы кинофестивалдарда көрүүчүлөргө коюлган. Ушул тапта Шарипа Оразбаева жаңы тасманын үстүнөн иштеп бүтүп, аны экранга чыгарууга камынууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков