Белгилүү режиссер Сатыбалды Нарымбетов дүйнө салды

Белгилүү режиссер Сатыбалды Нарымбетов дүйнө салды

Казак кинематографиясы орду толгус жоготууга учурады. Казакстандын Эмгек сиңирген ишмери, режиссер, сценарист жана актер Сатыбалды Нарымбетов 75 жаш курагында дүйнө салды. Казак кино өнөрү жана адабиятында өчпөс из калтырган инсандын чыгармалары ар дайым көрүүчүлөрдүн жүрөгүнөн өзгөчө орун тапкан.

Ал 1969-жылдан тартып «Казакфильм» киностудиясында сценарист жана кинорежиссер болуп иштеген. «Зауал», «Көзүмдүн карасы», «Созактан чыккан Гамлет», «Жаш аккордеончунун өмүр баяны» сыяктуу көптөгөн көркөм тасмаларды тарткан. Казактын белгилүү инсандары Курмангазы, Мустафа Шокай, Ермухан Бекмахановдордун тагдырын тасмага түшүргөн. Анын чыгармалары дүйнөлүк кино сынчылары тарабынан жогору бааланып, эл аралык сыйлыктарга ээ болгон.

Казак искусствосуна сиңирген өзгөчө салымы үчүн «Ардак» ордени, «Платиналык Тарлан» сыйлыгынын ээси, Франция киноакадемиясынын Жорж Садуль атындагы көз карандысыз сыйлыгынын лауреаты, Казакстандын Эмгек сиңирген ишмери болгон. Казак киносу чеберинин жаркын элеси көрүүчүнүн жүрөгүндө түбөлүккө сакталып калат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков