Казакстанда мунай-газ кен жайларын чалгындоого арналган алгачкы аукцион өтөт

Казакстанда биринчи жолу мунай жана газ кендерин чалгындоо жана өндүрүү укугуна арналган онлайн аукцион өтөт. Аукцион Мамлекеттик мүлк реестринин порталында бештин айынын 23 өтөт. Жалпысынан 7 участок боюнча сатуу мерчемделген. Онлайн аукциондор кызматы күзүндө ишке киргизилген. Анда кен жайлары тууралуу толук маалыматты камтыган интерактивдүү карта бардыгына жеткиликтүү. Аукционго катышуу үчүн дараметтүү инвестор онлайн режиминде арыз бериши керек. Ал эми сатуу жүрүшүн виртуалдык зал аркылуу көрүүгө болот. Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча, жаңы механизм аукциондун ачык-айкындуулугун камсыз кылып, бизнес жана мамлекеттик чыгымдарды бир кыйла кыскартат.