Борбор Азия мамлекеттеринин стратегиялык өнүгүүсү

Борбор Азия мамлекеттеринин стратегиялык өнүгүүсү

Азия Өнүктүрүү банкы өткөн жылы Борбордук жана Батыш Азия мамлекеттерин өнүктүрүүгө алты жарым миллиард доллардан ашуун каражат бөлгөн. Бул сумма биринчи кезекте аймактагы коронавирус пандемиясынын кесепеттерин калыбына келтирүүгө багытталган. Эл аралык каржы институту өткөн жылы жасалган иштердин жыйынтыгын чыгарды. Азия Өнүктүрүү банкы былтыр Казакстанда Өкмөт менен биргеликте бир катар долбоорлорду ишке ашырган.

Нариман Маннапбеков, Азия Өнүктүрүү банкынын Казакстандагы мүдүрү:

- Пандемия башталгандан үч ай өткөндөн кийин, теке айында Азия Өнүктүрүү банкы өкмөткө 1 млрд доллар насыя берди. Ал кооптуу илдетке каршы күрөшүүгө, пандемиянын өлкө экономикасына тийгизген терс таасирин азайтууга, саламаттык сактоого, социалдык колдоого жана жумуш менен камсыздоого багытталган. Мындан тышкары, бир нече гранттар бекитилген. Саламаттык сактоо министрлигине жана Эмгек министрлигине бөлүнгөн 3 млн доллар элдин социалдык жактан аз камсыз болгон бөлүгүнө дары-дармектерди сатып алууга жана жеткирүүгө жумшалды.

Аны менен катар, Азия Өнүктүрүү банкы Казакстандын негизги экономикалык маанилүү тармактарында бир нече долбоорду ишке ашыруу үчүн 7 млн доллар каржы бөлдү. Бул «жашыл» каржылоо, транспорттук жана шаардык инфраструктураны жакшыртуу жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүгө байланыштуу демилгелер.

Нариман Маннапбеков, АӨБнын Казакстандагы мүдүрү:

- Ошондой эле, банк Улуттук экономика министрлигине СOVID-19га каршы комплекстүү чараларды колго алуу үчүн түзүлгөн фондго 1 млн доллар грант бөлүп берди. Азыркы учурда аталган фонд өкмөт менен биргелешип калкты жумуш менен камсыз кылуу жана бизнести өнүктүрүү үчүн натыйжалуу жана талап кылынган адистерди кайра даярдоого багытталган иштерди аткарып жатат. Бул пандемиянын кесепеттерин азайтууга арналган чаралардын бири.

Бүгүнкү күндө өлкөнүн жеке секторунда бир катар долбоор ишке ашырылууда. Алардын төртөө агроөнөр жай комплексинде, үчөө энергетика

тармагында. Акыркы экөө кайра жанма энергия булактарын өнүктүрүүнү көздөйт. Үч жылдык бизнес-пландын алкагында Казакстандын турак жай, транспорт жана каржы тармактарында жаңы демилгелерди жүзөгө ашыруу мерчемделген. Бул тизме дагы кеңейтилет, дешет Азия Өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков