2021-жылы казакстандык бизнеске мамлекеттик кызмат толугу менен онлайн үлгүдө сунушталат

Казакстанда келерки жылы ишкердикке арналган кызматтар толугу менен онлайн режимде жеткиликтүү болот. Бул үчүн бирдиктүү аянтча түзүү көздөлүүдө. Бул тууралуу Казакстандын Улуттук экономика министри Руслан Даленов парламенттик угууда билдирди. Быйыл бир катар кызматтар электрондук түргө өткөрүлдү. Мисалы, кыймылсыз мүлк мамилелеринин коопсуздугу жакшыртылып, курулуш учурундагы бир катар талаптар алынып салынды. «Бизнеске арналган өкмөт» онлайн-платформасы базасында мамлекет менен бизнестин өз ара аракеттенүүсүнүн жаңы форматы ишке киргизилди. Анда жеке ишкердикти өнүктүрүү кызматтардын бардык түрүн  онлайн режиминде пайдаланууга болот. Платформада эки жүзгө жакын мамлекеттик кызматтар жана колдоо чаралары сунушталат. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө өлкөдөгү чакан жана орто бизнес субъектилеринин саны 1 миллион 300 миңден ашат.

МАУЛЕН АШИМБАЕВ, КАЗАКСТАНДЫН ПАРЛАМЕНТ СЕНАТЫНЫН ТӨРАГАСЫ:

- Бүгүнкү күндө чакан жана орто ишканалар болжол менен 3,3 миллионго жакын казакстандыкты жумуш менен камсыздайт. Бул экономикалык активдүү калктын 39% түзөт. Ошондуктан бул тармактын социалдык мааниси абдан чоң. Президент быйылкы Кайрылуусунда чакан жана орто бизнеске кошумча жардам катары комплекстүү колдоо чараларын сунуштады. Пандемияга байланыштуу жеңилдетилген насыялардын көлөмү кыйла көбөйдү. Насыя кайтарымын 6% чейин кыскартуу үчүн мамлекеттик субсидия берилип жатат.