Мунай баасы арзандоодо

Мунай баасы арзандоодо

Дүйнөлүк биржаларда мунай баасы кайрадан арзандады. Буга бир нече себептер бар, дешет адистер. Биринчиден, АКШдагы мунай корунун көптүгү өз таасиринтийгизген. АКШнын Энергетикалык маалымат башкаруу агенттигинин маалыматы боюнча, штаттардагы кара алтындын кору бир жуманын ичинде болжол менен 3 миллион баррелге көбөйгөн.

Ошондой эле, инвесторлор Европада карантиндик чаралардын күчөтүлүшүнө да кабатыр.Вакцина жеткирүүнүн кечеңдеши мунайзатка болгон суроо-талапка терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Рыноктук кырдаалга Суэц каналында туруп калган жүк ташуучу кемени алып чыгуу операциясынан улам ашуунун убактылуу жабылышы дагы таасирин тийгизди. Бирок кара алтындын баасы жыл башынан бери 20 пайызга кымбаттаганын эске алуу керек, дешет серепчилер.

Которгон: Илгиз Жамалбеков