Brent маркалуу мунайдын баасы арзандады

Brent маркалуу мунайдын баасы арзандады

Брент маркалуу мунайдын баасы бирдин айынын 11 бери биринчи жолу баррелине 62 доллардан төмөндөдү. Кара алтындын дүйнөлүк баасы 9 пайызга чейин арзандаган. Бул тууралуу соода-сатык аукциондорунда белгилүү болду. Серепчилердин айтымында, мунайдын баасы дүйнөлүк рынокко киргизилген түзөтүүлөрдөн кийин арзандаган. Ал эми баанын 50-60 доллардын тегерегинде турукташуусу жылдын экинчи жарымында, ОПЕК+ өндүрүштү көбөйтө баштаганда байкалышы мүмкүн.

Эске салсак, жалган куран айында болгон жолугушууда ОПЕК+ бардык мүчө өлкөлөр үчүн мунай өндүрүүнүн азыркы деңгээлин кармап туруу чечимин кабыл алган. Мындан тышкары, Казакстан үчүн өндүрүштү күнүнө 20 миң баррелге чейин көбөйтүү макулдашылды. ОПЕК+ министрлеринин мониторинг комитетинин кезектеги жыйыны жалган куран айынын 31де, ал эми ОПЕК+ Альянс жыйыны чын куран айынын 1  өтөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков