Казакстанда банк карточкалары 2,5 эсеге көп колдонула баштады

Казакстанда банк карточкалары 2,5 эсеге көп колдонула баштады

Казакстандыктар накталай эмес төлөмдөрдү көбүрөөк колдоно баштады. Сандарга карай турган болсок, өткөн жылы алар дээрлик 35 триллион теңгеге төлөм жасашкан. Бул 2019-жылдын көрсөткүчүнөн эки жарым эсе жогору. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук банкынын басма сөз кызматы билдирди. Финансылык жөнгө салуунун талдоочулары республикада өткөн жылы жүргүзүлгөн он бүтүмдүн тогузу банк карталары аркылуу жүргүзүлгөндүгүн эсептеп чыгышкан.

Ошол эле учурда, адистер буга пандемия түрткү болгонун да белгилешет. Эске салсак, өткөн жылдын жалган куран айында санитардык дарыгерлер вирус тыйын сыяктуу катуу нерселердин бетинде бир нече күн сакталып калышы мүмкүн деп, казакстандыктарды болушунча накталай акчадан баш тартууга чакырган. Накталай эмес төлөмдөрдүн көбөйүшүнүн экинчи себебин, серепчилер төлөм карталарын пайдалануу менен товарларга жана кызматтарга акы төлөө инфраструктурасынын олуттуу кеңейүүсүн айтышат. Төлөмдөрдү банктык которуулар менен кабыл алган ишкерлердин саны дагы кыйла өскөн.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков