Казакстанда өндүрүштү стимулдаштыруунун жаңы механизмдери киргизилет

Казакстанда өндүрүштү стимулдаштыруунун жаңы механизмдери киргизилет

Казакстанда индустрияны өнүктүрүүнү стимулдаштыруу үчүн өнөр жай гранты берилет. Жаңы колдоо механизми өндүрүштү түзүү үчүн керектүү жабдууларды жаңыртуу жана чыгымдарды биргелешип каржылоого багытталат. Бул тууралуу Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министри Бейбит Атамкулов Сенаттагы өкмөттүк саатта билдирди. Анын айтымында, ата мекендик ишкерлердин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу бир нече багытта жүргүзүлөт. Индустриялаштыруу картасын калыптандыруу боюнча жаңы ыкмалар бекитилет. Бул тармакка инвестицияларды тартуу үчүн бирдиктүү инвестициялык карта иштелип чыгат. Өлкө аймагында өндүрүлбөгөн чийки заттарга жана компоненттерге бажы алымдарынан бошотууну көздөгөн стратегиялык өнүмдөрдүн тизмеси түзүлөт. Мындан тышкары, ата мекендик өнүмдөрдү колдоо максатында жаңы «Өлкө ичиндеги баалуулук» аттуу жаңы концепциясы киргизилип, орто жана жогорку деңгээлде кайра иштетүүнүн 4 миңден ашуун артыкчылыктуу товарларынын тизмеси иштелип чыгат. Мамлекет тарабынан колдоого алынган учурда бул тизмеге артыкчылык берилет.