Казакстанда атайын салык режими киргизилди

Өлкөдө атайын салык режими киргизилди. Анын пайдасын пандемия учурунда карантиндик чектөө чаралары колдонулган кызматтар көрө алат. Бүгүнкү күндө инновацияны колдоно алган ишкерлердин тизмеси аныкталды. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин билдирди. Каатчылыкка каршы 2 жылга эсептелген атайын чекене режими жаңы жылдан баштап ыктыярдуу түрдө колдонулат. Анын салык өлчөмү кирешенин 3 пайызы деңгээлинде белгиленди. Ошондой эле, ушул жылдан баштап мүлк жана жер салыктары бир төлөмгө бириктирилип, көп батирдүү үйлөрдүн ээлерине жер салыгы салынбайт. Жалпысынан бизнести колдоо максатында өткөн жылы 700 миңден ашуун юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге ири өлчөмдө салыктык  жеңилдиктер көрсөтүлдү.

АСКАР МАМИН, КАЗАКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ:

 - Мамлекет башчысы Өкмөттүн кеңейтилген жыйынында санариптик ыкмалардын негизинде салык чараларын түп тамыры менен жеңилдетүү боюнча сунуштарды даярдоону тапшырды. Сунуш кылынган өзгөртүүлөр 500 миң жалданма кызматкерди расмий жумуш менен камсыздоого, эмгек акы төлөө фондунун түйшүгүн азайтууга, салык милдеттенмелерин аткаруу жол-жобосун жөнөкөйлөтүүгө жана өлкө экономикасына жаңы инвестицияларды тартууга мүмкүндүк берет.

 

Казакстанда кайра жанма энергия булактарынын үлүшү 2025-жылга карата 6% жетет

 Ошондой эле, өкмөттө кайра жанма энергия булактарын өнүктүрүү маселеси каралды. Казакстанда 2025-жылга карата экологиялык таза энергия өндүрүү көлөмүнүн үлүшү эки эсеге көбөйөт. Бүгүнкү күндө бул көрсөткүч 3 пайызга жетти. Жалпысынан акыркы алты жылда альтернативдик энергия объектилердин кубаттуулугу он эсе өскөн. Бүгүнкү күндө өлкөдө 116 кайра жанма энергия объектиси иштеп жатат. Быйыл дагы 23тү ишке кошуу мерчемделген. Ошентип, 2030-жылга чейин тармактын үлүшүн 10% чейин жеткирүү көздөлүүдө. 2050-жылга чейин жалпы энергия керектөөнүн кеминде жарымы кайра жанма жана альтернативдүү энергия булактарынан алынууга тийиш.