2022-жылга чейин E-commerce базарынын көлөмү 1,9 триллион теңгеге чейин жетиши мүмкүн

Коронавирус пандемиясы электрондук соода көлөмүнүн кескин өсүшүнө түрткү берди. Өлкөдө онлайн сатуунун өскөндүгү жөнүндө Соода жана интеграция министрлигинин коллегиясында айтылды. Улуттук ишкерлер палатасы башчысынын орун басары Нариман Абильшаиковдун айтымында, тармакта соода жүргүзүүнүн кескин жогорулашы карантин мезгилинде болгон. Баарынан да дары-дармектер, үй тиричилик буюмдары жана албетте, тамак-аш азыктары көбүрөөк суроо-талапка ээ болду. Ошентип, электрондук соода рыногу 2020-жылдын алты айында 435 миллиард теңгеге жетти. Ал эми үстүбүздөгү жылдын соңуна карата бул көрсөткүч тогуз жүз миллиардга жетип, накталай эмес төлөмдөрдүн өсүшүнө шарт түзгөн. Алар республиканын Улуттук банкынын маалыматы боюнча, 2,5 эсеге көбөйгөн. Маалыматка ылайык, жакынкы эки жылда андан кем эмес дымактуу пландар коюлган: Серепчилер 2022-жылга чейин Казакстанда онлайн сатуу жалпы чекене соода жүгүртүүнүн жылдык көлөмүнүн 13% түзөт деп божомолдошот.

БАХЫТ СУЛТАНОВ, КАЗАКСТАНДЫН СООДА ЖАНА ИНТЕГРАЦИЯ МИНИСТРИ:

 - Пандемия биздин ишибиздин бардык тармактарына, тышкы соода жаатында дагы, ички жараяндарга дагы таасир этти. Ошондуктан дагы бир жолу баса белгилегендей, соода жараяндарын санариптештирүү соода жана экспорттун үзгүлтүксүз маанилүүлүгүн эске алуу менен аны тездетүү зарыл. Ага ылайык, биз өткөн жылы санариптик интеграция долбоорлору менен аяктаган мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүдөн баштап бир катар долбоорлорду баштадык. Мындан тышкары, Мамлекет башчысынын кайрылуусуна ылайык, санариптештирүү тутумдуу жүрүшү үчүн биз «санарип капчыкты» ишке киргизгени жатабыз.