ЕАЭБдин интеграциялык жараяндары

Евразиялык экономикалык биримдиги өлкөлөрүнүн жалпы газ жана электр энергиясы базарларын түзүү 2025-жылы аяктайт. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиясынын Борбордук байланыш кызматынын басма сөз жыйынында белгилүү болду. Электр энергиясы боюнча тиешелүү протоколго өткөн жылы кол коюлган болсо, көгүлтүр отунга байланыштуу келишим түзүү кийинки жылга мерчемделген. Учурда бул документтер такталып жатат. Алардын экөө тең 2025-жылы күчүнө кирип, толук кандуу иштей баштайт. Ошондой эле, аталган мезгил аралыгында биримдик өлкөлөрү мамлекеттик сатып алуулар жаатында санариптештирүү жараянын аяктоону көздөп жатышат. Спикерлер бул жаатта өлкөлөр ортосунда өз ара тааныла турган электрондук-санарип кол тамгаларын киргизүү маселеси каралып жаткандыгын айтты.

Арман Шаккалиев, Евразиялык экономикалык комиссиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мүчөсү:

Сатып алуу жүргүзүлүп жаткан өлкөгө баруунун, филиалдар же өкүлчүлүктөрүн ачуунун кажети жок. Биз мамлекеттик сатып алууларды санариптештирүү деңгээлдери ар башка экендигин эске алабыз. Экинчи маселе, электрондук санарип кол тамгалардын аутентификациясын ырастоо жана бир катар техникалык аспекттер. Бүгүнкү күндө консультациялар кызуу жүрүп жатат. Бул маселени чечүүнүн зарылдыгы жөнүндө конкреттүү түшүнүк бар. Биринчи жарым жылдыкта каскаддык мерчемдер деп аталган өлкө аралык алмаштырууларды караштырган пландар  каралат.