COVID-19 менен күрөшүүгө Казакстан 1,5 млрд евро карыз алат

COVID-19 менен күрөшүүгө Казакстан 1,5 млрд евро карыз алат

COVID-19 пандемиясынын кесепеттери менен күрөшүүгө жана экономиканын туруктуулугун колдоого Казакстан 1,5 млрд евро карыз алат. Насыя берүү жөнүндө эки эл аралык каржы институттары менен макулдашуу түзүлдү. Атап айтканда, 908 миллион евро өлчөмүндөгү карыз акчаны Азия өнүктүрүү банкы берет. Бул тууралуу финансы министри Ерулан Жамаубаев билдирди. 

 Ерулан Жамаубаев, КР финансы министри:

 – Алынган каражат 2021-жылдын бюджетинин дефицитин каржылоого багытталат. Карыз акча Казакстан өкмөтүнө COVID-19 пандемиясынын кесепеттери менен күрөшүүгө жана экономиканы калыбына келтирүү чараларын колдоого мүмкүндүк берет. Насыяны кайтарууга 3 жылдык жеңилдик мөөнөтү 10 жыл убакыт берилет.

Республика дагы алты жүз алтымыш эки миллион евро көлөмүндөгү акчаны Азия инфратүзүмдүк инвестициялар банкынан алмакчы. 

 

Фото: ktk.kz