Химиялык өнүмдөрдүн экспорту көбөйдү

Химиялык өнүмдөрдүн экспорту көбөйдү

Казакстандын химия өнөр жайынын тышкы рынокко экспорту артып келүүдө. Алсак, ата мекендик товар өндүрүшчүлөр чет өлкөлөргө 559,5 миллион долларлык өнүмдү жеткиришти. Бул 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 47%га жогору. Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 5 айында атамекендик өндүрүшчүлөрдүн рыноктогу үлүшү өскөн. Ал 9,3% түздү. Талдоочулар эл аралык кайра иштетүү өнөр жай көргөзмөсүнүн алкагында тармакты өнүктүрүүнү талкуулашты - деп билдирет «Атамекен» Улуттук ишкерлер палатасы. Белгилей кетсек, тармактык өндүрүшүнүн эң чоң үлүшү «өнөр жай үчүн химикаттар» секторуна таандык. Ал 65%дан көп. Андан кийин агрохимия - 22%, базалык мунай-химия сектору - 11,5% түзөт. Жалпысынан химия өнөр жай өндүрүшү 400 миллиард теңгеден бир аз ашат. Бул 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 58,7%га жогору.

Которгон: Илгиз Жамалбеков