Бельгиялык фермерлер Казакстанга тажрыйба алмашууга келишет

Бельгиялык фермерлер Казакстанга тажрыйба алмашууга келишет

Казакстанда бельгиялык фермерлер дүйнөгө белгилүү көк уйдун породасын өстүрүүгө кызыгуучулук таанытышууда. Алар өлкөгө таза кандуу уйлардын уруктарын экспорттоо менен чектелбестен, жергиликтүү фермерлер менен мал чарбачылыгына жаңы технологияны киргизүү тажрыйбасын бөлүшүүгө даяр. Тиешелүү макулдашуулар казакстандык делегациянын Королдукка болгон иш сапарынын алкагында жетишилди.
Маргулан Баймухан, Казакстандын Бельгиия менен Люксембургдагы элчиси

Биздин фермерлерге мал чарбачылыгы, эт-сүт өндүрүү багытында белгилүү бир технологиялар зарыл. Мындай сапарлар абдан керек деп ойлойм. Ошондуктан, казак дыйкандарынын Бельгиянын провинцияларына келиши үчүн зарыл болгон иштерди уланта беребиз. Дагы бир айта кетчү нерсе, жакында эле биздин бельгиялык өнөктөштөр тогузун айында Астанада өтө турган КазАгро айыл чарба көргөзмөсүнө катышууну пландап жатышат.

Өмүрбек Алтангадас, Мал чарбачылыгы ишканасынын башкы мүдүрү:

- Эки күн бою бельгиялык ак баш породасына кызыгып көрдүк. Андан кийин сүт багытындагы эчкилердин фермаларына кызыгып калдык. Албетте, жакшы ойлор калыптанды. Бүгүн биз барган чарбада сүттүү эчки багытында иштеп жаткан адамдар менен таанышып, сүйлөшүп тажрыйба алмаштык. Бул максатта тогуздун айынын 7де бизге делегация менен келишет. Бизге эмбрионду кантип жайгаштырса болот? Кантип асылдандырууга болот? Биздеги асыл тукум малдар 7-8 айда 200 килограммга жетпесе, бул адамдар 350-400 килограммга чейин салмак кошуусу мүмкүн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков