Астанада ШКУга мүчө мамлекеттердин башкы прокурорлорунун ХХ жыйыны өттү

Астанада ШКУга мүчө мамлекеттердин башкы прокурорлорунун ХХ жыйыны өттү

Жыл сайын дүйнөдө болжол менен 2 триллион доллар же дүйнөлүк ИДӨнүн 5%ке жакыны жок болот. Ал эми уюмга мүчө мамлекеттердин жүгүртүүсүндө 600 миллиарддан ашык каражат көмүскөдө калат. Бул тууралуу Астанада ШКУга мүчө өлкөлөрдүн башкы прокурорлорунун 20-жыйынында айтылды. Иш-чаранын негизги максаты - чек арадагы экономикалык кылмыштуулуктун абалын талкуулоо. Жыйындын жүрүшүндө көмүскө бизнес гана эмес, кылмыштуу кирешелер менен  мыйзамсыз каржы агымдарын мыйзамдаштыруу тууралуу да талкууланды. Көзөмөлдөөчү органдардын өкүлдөрү мындай көрүнүштөргө каршы биргелешип күрөшүүнү көздөшүүдө.

Берик Асылов, Казакстандын башкы прокурору:

- Бүгүн биз чет өлкөдөн кылмыш жолу менен алынган мүлктөрдү кайтаруу боюнча кызматташууну уюштуруу маселелерин талкуулайбыз. Учурда ШКУга мүчө өлкөлөр дүйнөдөгү ички дүң өнүмдүн төрттөн бир бөлүгүн түзөт. Албетте, экономиканын жогорку өсүшү дайыма көмүскө бизнес, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу, активдерди чет өлкөгө мыйзамсыз чыгарып кетүү сыяктуу терс жараяндар менен коштолуп келет.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков