«Kazakhstan Machinery Fair-2022» эл аралык көргөзмөсү

«Kazakhstan Machinery Fair-2022» эл аралык көргөзмөсү

Борбор калаада унаа жасоонун жана металл иштетүүнүн эл аралык көргөзмөсүнө  дүйнөнүн17 мамлекетинен 250ге жакын компания катышууда. Иш-чара борбор калаадагы ЭКСПО көргөзмө борборунда уюштурулду. Аянтка Европа, КМШ жана Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген катышуучулар чогулушту. Ага павильондор, ишканалар унаа жасоо тармагында гана эмес медицина, тоо-кен, металлургия, химия жана башка өнөр жайларды өнүктүрүү үчүн пайдалуу заманбап буюмдарды коюшту.

Игорь  Пасичнык,  Инжинирингдик компаниянын кеңешчиси, Швейцария:

- Биздин компания Европада колдонулган ноу-хау технологияларын сунуштайт. Ата мекендик өндүрүүчүлөргө заманбап технологияларды, ар бир ишкананын кирешесин көбөйтө ала турган шаймандарды сунуштайбыз. Инженерия тармагындабыз, сиздердин ишканаңыздарды заманбап жана ийгиликтүү кыла турган адистердин абдан чоң командасы иштейт.

Бул эл аралык компаниянын өнүмдөрү көргөзмөгө келгендердин көңүлүн дароо өзүнө бурган. Бүгүнкү күндө эң жаңы жогорку технологиялык жабдуулар КМШ өлкөлөрүнүн, анын ичинде Казакстандын рыногунда өзүн далилдөөгө жетишти. Аппарат тетиктерди ченеп, аларды импорттолгондор менен алмаштырууга мүмкүндүк берет.

Константин Панькин, Эл аралык дистрибьютордук компаниянын өкүлү:

- Бул унаалардын негизги милдети тескери инженерияда болуп саналат. Үлгү катары келечекте тетиктерди реконструкциялоо үчүн жогорку тактыктагы өлчөө комплексин түзүүгө мүмкүндүк берет. Унаалар Казакстандын мамлекеттик реестрине киргизилген, бул стандартка ылайык түз текшерүү жүргүзүүгө шарт түзүлөт. Биз бардыгына маани беребиз. Башкалардын кызыгуусу болуп жатканына кубанычтабыз жана өлкөнүн рыногуна, бизнесине, ишканаларына, коргонуу өнөр жайына жана башка тармактарга түздөн-түз пайда алып келээрибизге ишеничибиз чоң.

Иш-чаранын катышуучуларынын айтымында, көргөзмө аянты аларга өз өнүмдөрүн тааныштыруу жана бизнес-өнөктөштөр менен кызматташууга гана эмес, пайдалуу байланыштарды алмашууга жана мындан ары өнүктүрүү үчүн жаңы идеяларды сунуштоого уникалдуу мүмкүнчүлүк берет.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков