Казакстан «Кытай-Евразия» VII ЭКСПО көргөзмөсүнө катышат

Казакстан «Кытай-Евразия» VII  ЭКСПО көргөзмөсүнө катышат

Казакстандын жана Шинжаң-Уйгур автономиялык районунун ишкерлери жалпы суммасы 475 миллион долларды түзгөн ондон ашык келишимге кол коюшту. Иш-чара жетинчи “Кытай-Евразия” көргөзмөсүнүн алкагында жүзөгө ашырылды. Алардын арасында Казакстандын жашылча-жемиштерин экспорттоо, автоклав блокторун өндүрүү, акылдуу күнөскана долбоору боюнча келишимдер бар.

Канат  Бектембаев, "Xianjiang organic food import export” жоопкерчилиги чектелген коомунун мүдүрү:

- Бүгүнкү күндө Казакстандын улуттук павильону болгонубуздун аркасында кытайлык  алты ири компаниянын өкүлдөрү менен жолугуп, макулдаштык. Баасы жана көлөмү боюнча келиштик. Андай болсо 2022-жылдын онунчу айынан баштап ишке киришүүгө толук мүмкүнчүлүгүбүз бар. Мындан тышкары, бизде даяр өнүмдөрүбүз бар. Алардын бардыгы боюнча облустар жана райондор аралык соода ишканалары менен келишим түздүк.

Казакстандык тарап 20 тамак-аш жана жеңил өнөр жай ишканаларынын өсүмдүк майы, бал, кондитердик, макарон азыктары, ун, ширелер сыяктуу 140тан ашык өнүмдөрүн  тартуулады.

Чжан Шуцзюнь, "Кытай Евразия" ЭКСПО катчылыгы башчысынын орун басары:

- Казакстан тарап негизинен жергиликтүү калктын суроо-талабы болгон май, ун, суусундук сыяктуу азык-түлүктөрдү сунуштады. Аларды көргөзмөгө келгендердин көпчүлүгү жактырышты. Кооперация түзүүнү каалаган ишкерлер да көп. Көргөзмө эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгын жаңы деңгээлге көтөрүүгө жардам берет - деп ишенебиз.

Белгилей кетсек, ЭКСПО аяк оона айынын 23нө чейин уланат. 2 иш-чара Шинжаң-Уйгур автономиялык району менен Евразия өлкөлөрүнүн ортосундагы соода, каржы, инвестиция, туризм, илим, жаңы технологиялар жана маданият тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков