Эмгек акы төлөө фондунан бирдиктүү төлөм киргизилет

Эмгек акы төлөө фондунан бирдиктүү төлөм киргизилет

Казакстанда эмгек акы төлөө фондунан бирдиктүү төлөм киргизилиши мүмкүн. Ал микро жана чакан бизнеске гана тиешелүү болот. Бул тууралуу Улуттук экономика министри Алибек Куантыров Салык кодексине жаңы өзгөртүүлөрдү киргизүү учурунда билдирди. Башкармалыктын башчысынын айтымында, бүгүнкү күндө фонддон ар кандай тарифтер жана эсептөө базалары менен бир нече төлөмдөр жүргүзүлөт. Аларды бир төлөмгө бириктирүү сунушталды. Министр белгилегендей, бирдиктүү тариф милдеттүү пенсиялык төгүмдөрдү киргизүүнү жана социалдык төлөмдөрдүн көлөмүн көбөйтүүнү эске алат.

Алибек Куантыров, Казакстандын улуттук экономика министри:

- Мыйзам долбоору Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо ишинин планына ылайык жана мамлекет башчынын тапшырмаларын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан. Төлөм атайын салык режимдериндеги микро жана чакан бизнестин субъекттери тарабынан ыктыярдуу негизде пайдаланылат. Сумма бирдиктүү төлөм механизмине окшош бөлүштүрүлөт. Ошентип, ал салыктарды жана эмгек акыларды эсептөөнү жөнөкөйлөтүп гана койбостон,  жүгүн азайтууга да мүмкүндүк берет.

Депутаттар мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырышты. Ага ылайык, бирдиктүү тариф келээрки жылдын үчтүн айынын 1нен тарта киргизилип, 21,5 пайызды түзөт. 2027-жылга чейин ал 26 пайыздан ашат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков