Президент Digital Nomads өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү

Касым-Жомарт Токаев Нью-Йоркто “Санариптик көчмөндөр” менен жолугушуу өткөрдү. Бүгүнкү күндө Digital Nomads чет өлкөлөрдө жашаган жана дүйнөнүн алдыңкы технологиялык компанияларында иштеген казакстандык IT адистердин башын бириктирет. Бейформал чогулушта катышуучулар Казакстандын IT индустриясынын өнүгүү келечегин жана дүйнөлүк тенденцияларды талкуулашты. Президент адилеттүү Казакстанды түзүү таланттуу жаштар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатканын белгиледи. Өз кезегинде алар ата мекендик IT тармагын мындан ары өнүктүрүү жана анын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча бир катар сунуштарын айтышты.

Актөре Бекет, Amazon компаниясынын программалык инженери:

- Санариптик көчмөндөр тобунун бир идеясы - бул спорттук программалоо. Азыркы учурда анда жүздөгөн адамдар иштейт жана алардын баары жаштар. Алар google, apple, amazon, tesla сыяктуу чоң компанияларда жакшы кызматтарда. Таланттуу жаштар деп ачык айта алам. Биз казак таланттарынын корун түзүшүбүз керек. Ушундай жол менен аларды көбүрөөк тартабыз.

Багдат Мусин, Казакстандын санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай  министри:

- Алар Казакстандагы IT адистиктер боюнча билим алуучуларга жардам берип, насаатчылык кылат. Ошондой эле, татаал технологиялык адабияттарды казак тилине которуунун үстүндө иштеп жатышат. Анткени бүгүнкү күндө казак тилиндеги технологиялык адабияттар жетишсиз. Алар түздөн-түз спорттук программаларды өнүктүрүүгө жардам берет.

Жолугушуунун соңунда мамлекет башчысы Digital Nomads өкүлдөрүнө ийгиликтерди каалап, өлкөнүн өнүгүшүнө жана гүлдөшүнө чоң салым кошооруна ишенээрин билдирди.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков