Президент Нью-Йоркко иш сапары менен барды

Президент Нью-Йоркко иш сапары менен барды

Касым-Жомарт Токаев Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясына катышуу үчүн Нью-Йоркко иш сапары менен барды. Акорданын басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн мамлекет башчынын JPMorgan, Goldman Sachs, NASDAQ сыяктуу дүйнөлүк каржы институттарынын жетекчилери менен жолугушуусу пландалууда. Ошол эле учурда трансулуттук компаниялардын жетекчилери, талдоочулук топтордун өкүлдөрү менен жолугушмакчы. Ал эми аяк оона айынын 20да президент БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы дебатында сөз сүйлөйт. Мындан тышкары, уюмдун башкы катчысы, Евробиримдиктин жетекчилиги жана алардын өтүнүчү боюнча бир катар мамлекет башчылары менен жолугушуулар өткөрүлөт. Президент азык-түлүк коопсуздугу боюнча глобалдык саммитке да катышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков