ШКУнун негизги милдети – аймактык коопсуздукту чыңдоо

ШКУнун негизги милдети – аймактык коопсуздукту чыңдоо

Шанхай кызматташтык уюмунун негизги милдети аймактык коопсуздукту чыңдоо бойдон кала берет. Бул тууралуу Казакстандын президенти Самарканддагы саммитте билдирди. Касым-Жомарт Токаев мамлекеттердин коргоо мекемелери менен атайын кызматтарынын ортосундагы аскердик-саясий кызматташтыкты арттырууну сунуштады. Мамлекет башчы энергетика жана азык-түлүк коопсуздугу маселелерине да көңүл бурду. Ал уюмдун аймагында жана анын чегинен тышкары айыл чарба өнүмдөрү менен сооданы кеңейтүүнү стимулдаштыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Буга кошумча Казакстан товарлардын, капиталдын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана технологиялардын эркин кыймылына акырындык менен өтүү үчүн ШКУда экономикалык кызматташтыкты ар кандай формада өнүктүрүүнү колдой турганын белгиледи.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти

- Биз ШКУну дүйнөлүк экономикалык платформага айландырышыбыз керек. Уюм адамдык, ресурстук жана технологиялык дарамети бар дүйнөнүн тез өнүгүп жаткан экономикасын бириктирет. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин үлүшү дүйнөнүн ички дүң өнүмүнүн төрттөн бирине жакынын түзөт, башкача айтканда, 23 триллион доллар. Бизде энергетикалык ресурстардын, көмүрдүн, сейрек кездешүүчү металлдардын жана энергиянын кайра жанма булактарынын эң бай кору бар.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков