Пенсиялык фонддун жаңы инвестициялык стратегиясы иштелип чыгат

Пенсиялык фонддун жаңы инвестициялык стратегиясы иштелип чыгат

Бирдиктүү топтоо пенсиялык фондунун жаңы инвестициялык стратегиясы иштелип чыгат. Андыктан тажрыйбасы мол кесипкөй жана ачык жеке компанияларды тартуу каралган. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык коргоо комитетинин Алматы шаары боюнча бөлүм башчысынын орун басары Ризвангүл Дараева Аймактык коммуникациялар кызматы аянтында өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, системанын финансылык туруктуулугун камсыздоо жана жарандардын пенсиялык топтоосунун кирешелүүлүгүн жогорулатуу максатында активдерди натыйжалуу башкарууну жогорулатуу боюнча чаралар көрүлөт. Бүгүнкү күндө жарандардын пенсиялык активдеринин көлөмү 13 триллион теңгеден көп. Өткөн жылы Бириккен сактык пенсиялык фондунун инвестициялык портфелинин кирешелүүлүгү 11%дан ашкан.

Которгон: Илгиз Жамалбеков