Дизель отун соодасын эсепке алуунун маалыматтык тутуму ишке кирди

Дизель отун соодасын эсепке алуунун маалыматтык тутуму ишке кирди

Казакстанда май куюучу жайларда дизель отунун сатууну эсепке алуунун атайын системасы ишке кирди. Эми 230-260 теңгеден сатылып жаткан күйүүчү майдын күнүмдүк көлөмүн реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөөгө болот. Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча, кызматты өнүктүрүү үчүн бюджеттен каражат талап кылынган эмес. Ал эми ички иштер, санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министрликтеринин, мамлекеттик насыялык бюронун маалымат базаларынан документтерди текшерүүнү камтыйт. Учурда өлкөдө 2000 май куюучу жайларга логин жана паролдор сунушталып, алардын 271и иш жүзүндө системаны колдоно баштады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков