Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Казакстандагы жаңы экономикалык реформаларды колдойт

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Казакстандагы жаңы экономикалык реформаларды колдойт

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Казакстанда жаңы экономикалык реформаларды ишке ашырууну колдойт. Премьер-министр Алихан Смаилов аталган каржы мекемесинин вице-президенти менен кеңешме өткөрдү. Алан Пию банктын өлкөгө 2060-жылга чейин экономиканы декарбонизациялоого жетишүүгө жардам берүүгө кызыктар экенин белгилеп өттү. Буга байланыштуу Алматыдагы экинчи жылуулук энергетикалык борборун көмүрдөн газга өткөрүү флагмандык долбоор катары каралаарын айтты. Муну менен катар, ал Казакстанда энергиянын кайра жанма булактарын өнүктүрүүнү жана башка инфраструктуралык долбоорлорду каржылоону улантууга даяр экенин билдирди. Өлкөдө Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен биргеликте экономиканын түрдүү тармактарында жалпы суммасы 10 миллиард доллардан ашык 300гө жакын долбоор ишке ашырылган.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков