Казакстан менен Сингапур ортосунда соода алмашуу артты

Казакстан менен Сингапур ортосунда соода алмашуу артты

Казакстан менен Сингапурдун ортосундагы соода жүгүртүү үзгүлтүксүз өсүп келүүдө. 2021-жылы көрсөткүч 1 миллиард АКШ долларын түзсө, быйыл 3 эсеге өсүүсү күтүлүүдө. Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында гана эки тараптуу сооданын көлөмү 926 миллион долларга жеткен. Кечээ Казакстан-Сингапур ишкердик кеңеши расмий ачылды. Бул бизнес-ассоциациянын курамына CPG International, Kusto Group, ZNC Enviroventures жана башка ири компаниялар кирет жана эки өлкөнүн ортосундагы соода менен инвестицияларга, бизнес топторунун ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты арттыруу катализаторун түзүүгө өбөлгө болот - деп маалымдайт Казакстандын тышкы иштер министрлиги. Эки өлкөнүн элчиликтеринин колдоосу менен кеңештин ишкердик кызматы соода жана инвестицияга гана эмес, туризмди өнүктүрүүгө, кеңейтүүгө жана башка демилгелерге багытталат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков