Казакстандын экспорттон түшкөн кирешеси артты

Казакстандын экспорттон түшкөн кирешеси артты

Казакстандын экспорттук кирешеси өстү. Биринчи насыялык бюронун серепчилери жүргүзгөн эсепке ылайык, кулжа айында өлкө тышкы рынокко 8 миллиард долларлык товар саткан. Бул рекорддук көрсөткүч жана өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 45 пайызга көп. Кирешенин жогорулашына негизинен мунай экспортунун өсүшү таасир эткен. Маалыматка ылайык, Казакстандан кара алтынды Италия, Түштүк Корея, Франция жана Улуу Британияга жеткирүү көбөйгөн. Буга кошумча, ата мекендик химия өнүмдөрүн, көмүрдү жана металлды сатуудан түшкөн киреше да эки эсеге өстү. Ал эми Казакстандын импорттук чыгашасы кулжа айында 10,5 пайызга көбөйгөн. Тактап айтканда, ошол айда  өлкө чет мамлекеттерден 4 миллиард 300 миллион долларлык товар сатып алды. Негизинен автоунаалар, байланыш каражаттары, телефондор чет өлкөдөн алынып келинген.

Которгон: Илгиз Жамалбеков