Мунай калдыгын кайра иштетүүнүн инновациялык технологиясы

Мунай калдыгын кайра иштетүүнүн инновациялык технологиясы

Кызылорда облусунун ишканаларында мунай калдыктарын кайра иштетүүнүн инновациялык технологиясы ишке ашырылууда. Ата мекендик окумуштуулар тарабынан иштелип чыккан зыянсыздандыруу долбоору айлана-чөйрөгө зыяндуу заттардан пайдалуу буюмдарды чыгарууга мүмкүндүк берет. Жаратылышты булгануудан сактоочу аппарат мунай кендеринин биринде сыноодон өткөрүлдү.

Аслан Орынгалиев,  долбоордун автору:

- Жылдар бою чогултулган калдыктын 98%ын колдонууга жарактуу кылып беребиз. Ар кандай кошумчалар менен терең иштетүүнүн натыйжасында анын бир бөлүгүн 1-сорттогу товардык мунайга айландырабыз. Калган сууну да чыпкалап, жол курууда колдонулган стандарттарга жооп берген суюктукту чыгарабыз.

Модулдук комплекс көмүр суутек чийки затын  каалаган абалда иштете алат. Ар кандай чыпкалоо, тазалоо жана кошуу толугу менен автоматташтырылган.

Мухтар Оспанов, технолог:

- Бардык басым көрсөткүчтөрү башкаруу механизми аркылуу көзөмөлдөнөт. Күйгүзүү, өчүрүү, схеманы бири-бирине кошуу, манометрдин жана термометрдин көрсөткүчтөрүн талдоо ушул жерде жүргүзүлөт. Кайра иштетилген чийки затты чыгаруу жыштыгы каралат.

Долбоордун өндүрүштүк натыйжалуулугу иш жүзүндө далилденген. Модулдук комплексти орнотууга бир нече мунай компаниялары кызыктар болушууда.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков