Минералдык ресурстардын улуттук банкы ачылат

Минералдык ресурстардын улуттук банкы ачылат

Көптөн бери чечилбей келе жаткан маселе сөздөн ишке өттү. Жыл аягына чейин Казакстанда минералдык ресурстардын санариптештирилген Улуттук банкын ишке киргизүү пландалууда. Эми өлкөнүн табигый кен байлыктары боюнча бардык маалыматтар бирдиктүү «Kaznedra»  электрондук платформасына бириктирилет. Азырынча анын бир бөлүгү гана соттук териштирүү түрүндө иштей баштайт. Ар бир аймак акырындап техникалык мүмкүнчүлүктөрүнө жараша кошулат. 2023-жылдын бештин айында толугу менен ишке берилет. Башкача айтканда, мындан ары өлкөнүн жер казынасында Менделеев таблицасында кездешкен элемент санариптик үлгүдөгү базага киргизилет. Анын максаты – өлкө аймагындагы жаратылыш ресурстарын терең изилдөө жана геологиялык чалгындоо иштерине инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу болуп саналат. Ошол эле учурда 50гө жакын бизнес-жараяндар, анын ичинде геология жана жер казынасын пайдалануу тармагында реинжиниринг жүргүзүлөт.

Аскат Пишенбаев, экология, геология жана табигый ресурстар министрлигинин, геология комитети төрагасынын милдетин аткаруучу:

- «Kaznedra» платформасын ишке киргизүүдө жер казынасы участкаларын издөө жана геологиялык маалыматтарды алуудан баштап пайдалануучулардын отчетун калыптандыруу киргизилген. Аны тапшырууга чейин жол-жоболорун санариптештирүү аркылуу жерди пайдалануу укугун берүүнү көзөмөлдөөнүн ачык-айкындыгын күчөтүүнү камсыз кылат. «Kaznedra» долбоору жер казынасын пайдалануучулар үчүн бирдиктүү терезеде бардык процедураларды жана кызматтарды бириктирет. Инвесторлор комплекстүү сервистик колдоого салым кошот. Максаты – жеке жана юридикалык жактар, ошондой эле бизнес өкүлдөрү үчүн жер казынасын пайдаланууда маалыматтарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана бул жаатта мамлекеттик кызматтарды автоматташтыруу болуп саналат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков