Кант рыногундагы монополияга каршы чаралар күчөтүлөт

Кант рыногундагы монополияга каршы чаралар күчөтүлөт

Канттын баасын негизсиз жогорулатууга жол берген дүң базардагы жеткирүүчү компаниялар мыйзам алдында жооп берет. Атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү агенттиги монополияга каршы мыйзамдарды бузуунун белгилери боюнча териштирүү дайындады. Бул тууралуу өкмөттүн экономиканы монополиядан чыгаруу боюнча комиссиясынын кезектеги жыйынында белгилүү болду. Өлкөдө өндүрүлгөн канттын негизги көлөмүн ири дүң жеткирүүчү сатып алып, товарды жүгүртүүдөн алууга жол бергендиги аныкталган. Натыйжада, канттын базардагы баасы 700-800 теңгеге чейин көтөрүлгөн. Ал эми заводдо өнүмдүн өздүк наркы 420—450 теңге. Алдыдагы убакытта импорттоочулардын товарын биржа аркылуу сатууга милдеттендирип, өндүрүш ишканалары үчүн чийки зат сатып алууга насыя бөлүү сунушталды. Премьер-министр аталган ыкмаларды колдоп, мамлекеттик органдарга бир катар кошумча тапшырмаларды берди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков